ӨЛДҮМ-ТАЛДЫМ ДЕГЕНДЕ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Араңдан зорго, араң-араң, өтө зор кыйынчылык менен. Чак түштө үйдөн чыккан чал өлдүм-талдым дегенде бешим ченде араң шаардын четиндеги бөксө тоого жетти (Борбиев). Ошентип өлдүм-талдым дегенде саанды бүтүп, сааган сүтүмдү карасам сап-сары эле каймак («Кыргызстан маданияты»). Сөөктүн бийик ашуусун өлдүм-талдым дегенде зорго ашып, бийик бетте кыялай бастырган саякатчы алдыда (Осмоналиев).